Ушинтсе да болот беле э? РЭСтин кызматкерлери үйдөгү жылыткычтарга пломба салышты. Фото
RU

Ушинтсе да болот беле э? РЭСтин кызматкерлери үйдөгү жылыткычтарга пломба салышты. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстандын улуттук электр түйүнү" ААК кыргыз элинен электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып жатат. Электриктер зарылчылык болбосо, кошумча жылыткыч жана жарыкты иштетпей эле коюну суранышкан болчу.

Баткен облусундагы Кадамжай районундагы РЭСтин кызматкерлери "бөрк ал десе, баш алып" менчик үйлөрдөгү жылыткчтарды пломбалап башташыптыр.

Facebook колдонуучусу Наргиз Мадеминова Кадамжай райондук РЭСтин кызматкерлери жылыткычтарга пломба салып кеткен сүрөттөрдү жарыялаган.

"Кадамжай да үйлөргө кирип, мына ушундай кылып пломба басып, электр печкаларга тыю салып газга өткүлө, көмүр жаккыла деп жатышат экен. Балалуу үй бүлөө сууктун күнүндө түндөсү электр печкасы жок түнү менен көмүр жагып чыгыш керекпи эми? Көмүрдүн баасы асманда болуп жатса, бир кышка 1 тонна көмүр алып калганын ток менен чыккандар да көп көмүр алыш оңой эмес ко", - деп колдонуучу жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4361