БГУнун студентине тийшкен декандын орун басары жумушунан алынды
RU

БГУнун студентине тийшкен декандын орун басары жумушунан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университеттин жетекчилиги 1-курстун студенти жана чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканынын орун басарынын ортосунда орун алган чыр-чатакка реакция кылды. Бул тууралуу БГУ Kaktus.media редакциясына маалымдады.

"Студенттердин арасында окутуу жана тарбия берүү иштерин жүргүзгөн мугалим тараптан мындай мамиле жасалышы туура эмес. Ошого байланыштуу декандын орун басары кызматынан алынат", - деп БГУдан билдиришти.

"Биз билим берип, студенттерге маданияттуу болууга үйрөтүшүбүз керек. Декандын окутуу бөлүмү боюнча орун басары Т.К. өзүнүн статусуна ылайык келбеген мамиле жасады. Мындан ары ушул сыяктуу инциденттер катуу көзөмөлдөнөт", - деп жогорку окуу жай ишендирди.

БГУнун ректораты декандын орун басары кызматынан дароо алынат, дүйшөмбү күндөн баштап иштебейт, деп кошумчалашты.

"Студенттердин арыздануулары ректоратка чейин жеткен эмес, анткени алар деканга кайрылышкан. Дүйшөмбү күнү биз студент кызды жана анын апасын кабыл алууга даярбыз", - деп ректораттын өкүлү сөзүн жыйынтыктады.

Эске салсак, Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенти декандын орун басары К.Тнин жүрүм-турумуна арызданып, замдекан ары-бери өткөн элди көзгө илбей студент кыздарга тийишет, деп билдирген.

"Студент кыздарды кемсинтип, кыйкырып, орой мамиле кылуу ал үчүн кадыресе көрүнүшкө айланган. Кээде кол көтөргөнгө чейин барат. Мисалы мени жини менен түртүп салган. Анын атына арыздануулар көп эле болот. Биринчи курстагы студенттин окуясы дале университеттегилердин эсинде. Ал арызданууга аракет кылган, бирок эч нерсе өзгөргөн эмес. Кийин замдекан аудиториядагы студенттердин көзүнчө бул аракети сессиясына таасирин тийгизет деп айткан", - деп БГУнун студенти айтып берди.

Видеодо көрүнүп тургандй декандын орун басары белгисиз кызга "18 жаштасыңбы? Демек сени менен каалаганымды жасасам болот экен да?!" - деп кыйкырганын даана угууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4402