"Бийлик 7-8 партияны жетелеп баратат". Талапкерлер парламенттин авторитети тууралуу
RU

"Бийлик 7-8 партияны жетелеп баратат". Талапкерлер парламенттин авторитети тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан партиялардын лидерлери менен талапкерлеринин дебаттары өттү.

Талапкерлер парламенттин эл арасындагы беделин кантип көтөрүү керек деген суроого жооп беришти.

Айбек Маткеримов, "Ата Журт Кыргызстан" партиясынын лидери.

Биз партиялык системадан партиялык-коррупциялык схемага өттүк. Анткени буга чейинки шайлоолордо партиялардын катарына элдин, мамлекеттин акчасын уурдагандар кирген. Кээ бири добуш топтоо үчүн эл ичинде белгилүү, кадырлуу адамдарды партиялык тизмеге киргизип, шайлоо учурунда пайдаланып, кийин өздөрү депутат болуп калышкан. Ошентип Жогорку Кеңешти базарга айландырышты. Соодалашып, министрлерди шайлап, өздөрү сатылып, шайлоодо кеткен акчаны кайтарып алуу үчүн баарын жасашты. Бир түндө мыйзам кабыл алгандар болду. Андыктан кооз сөздөргө, куру убадаларга ишенбей, жүрөгүңүз менен добуш бериңиз.

Бактыбек Калмаматов, "Азаттык" партиясынан талапкер.

Президенти күчтүү өлкөлөрдөдө парламент азыркыдан артык боло албайт. Жашыруун административдик ресурсту колдонууну токтотушубуз керек, азыркы бийлик мурункулардан сабак алган жок. Бүгүнкү күндө беш-алты партияны жетелеп баратат. Алар бийликтеги кожоюндарынын артынан добуш алганы жатышат. Кожоюну болбосо айылынан алты да добуш ала албаган талапкерлер бар. Сооронбай Жээнбековдун "Биримдик" же "Мекеним Кыргызстан" партиясын сындап келгенбиз, ал жакта мамлекеттик ишмерлер болгон. Азыр тизмеде "Кудай сактасын" деген талапкерлер бар. Жаңы мыйзамдын нормалары боюнча сиз партияга добуш бербей, ар бир талапкерди шайлайсыз. Бул шайлоолордо эл сатылып кеттиби, аймактарга, тууган-тушканга бөлүнөбү билинет. Парламент элдин, президенттин жүзү болот. Президенти күчтүү өлкөлөрдө парламент бийликтин тең салмактуулугун камсыздай турган органга айланат. Оппозициялык партиялар көбөйсө, бийликтин туура эмес аракеттерин токтотууга аракет кылат. Бийликчил партиялар келсе шылуун болуп, азыркылардан эч кандай айырмасы жок болот.

Болотбек Бийбосунов, Кыргызстандын Жашылдар партиясынан талапкер.

Мен депутат болуп калсам, Жогорку Кеңештин беделин көтөрүү үчүн мыйзам иштеп чыгам. Парламенттин сессиялык иштөө системасы болушу керек: депутаттар жылына төрт жолу – кышкы, жайкы, жазгы жана күзгү сессияларга чогулушат. Калган убакта жергиликтүү калк менен, шайлоочулары менен иштешет. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча орточо айлык 15 миң сомдун чегинде. Айлыкты жогорулатып, депутаттын да айлыгын көтөрүү керек. Депутат менен анын шайлоочуларынын ортосунда туздөн-туз байланышка жетишүү үчүн алар менен жер-жерлерде жашап, иштешсин. Муну менен бюджетти үнөмдөйбүз, эки эсеге кыскарат.

"Жашасын Кыргызстан" партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева.

Бул түздөн-түз элге тиешелүү. Добуш сатып алуунун жаңы механизми пайда болду. Бийлик бүгүнкү күндө жети-сегиз партиясын алып баратат. Андай партиялар жок болсо гана авторитет тууралуу сөз кылууга болот. Бийликтегилер 100 грамм үчүн кайсы партиялар өтөөрүн азыртан эле айтып жатышат. Бүгүн ошондой ишке барып жатышса, бул бийлик парламентке кандай адамдарды алып келет? Ошол ат салышып жаткан партиялардын каражаты кайдан келип жататканына байланыштуу? Партия беш миллион төлөбөсө, өтө албайт деп жатышат. Бул туура эмес. Бир Кудай билет. Анткени өткөн шайлоодо кээ бир партиялар андан да көп каражат жумшап, бирок өтпөй калган. Демек, эл эбак эле ойгонгонунан кабар берет.

Добуштарды эсептөө керек, анткени сервер ачык. Биздин "Кустургуч акебиз" ким кирип-чыгып жатканын билбейт. БШКда эч ким жок, ал жакта эмне болуп жатканы белгисиз. Бул шайлоо да мурункулардай болуп өтсө, эртең элдин тагдыры кандай болот? Жоопкерчилик Садыр мырзанын мойнунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4455