Садыр Жапаровдун учагы эскирди, жаңысын алыш керекпи? Президенттик учак жөнүндө 5 факт
RU

Садыр Жапаровдун учагы эскирди, жаңысын алыш керекпи? Президенттик учак жөнүндө 5 факт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ту-154М учагы моралдык жактан эскилиги жетти. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди. Анын айтымында, учакты көп дегенде дагы бир жылга чейин колдонууга болот.

31-октябрда Садыр Жапаров кыргыз делегациясы менен БУУнун конференциясына катышуу үчүн Глазгого (Шотландия) жөнөп кеткен. Кийин ал чартердик жеке менчик учак менен барып келгени белгилүү болгон. Себеби Ту-154М Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык стандарттарына жооп бербейт, ушуга байланыштуу кыргыз тарапка бул типтеги учактардын конуусуна мүмкүн эместиги кабарланган. Андан тышкары, Кыргыз Республикасы Европанын асманында учууга тыюу салынган өлкөлөрдүн кара тизмесине кирген.

Глазгого баруу үчүн президенттин командасы Embraer Lineage 1000 учагын ижарага алып, анын европага барып кайра келүүсү 197 миң еврого, сом менен алганда 16,7 млн сомго айланган.

Kaktus.kg редакциясы №1 борт тууралуу беш факт чогултту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4459