Бек Борбиев: "Таза шайлоо болгон жок. Аман болгула, эки дос"
RU

Бек Борбиев: "Таза шайлоо болгон жок. Аман болгула, эки дос"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон бир топ саясий партияларды, талапкерлерди байкоого болот. Алардын катарында Кыргыз Эл артисти Бек Борбиев дагы бар. Ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына бир нече саат мурун мындай билдирүү калтырган:

"Таза шайлоо болгон жок, ( мен болот го деп ойлогом, эл башындагы эки жигит кайсады. Аларга керек жерде админстративдик ресурс иштеди. Өтө кир. Оңолбойт экенбиз. Мен позиция болуп туруп, оппозиция болуп бийликке, оппозиционер болуп иштегенге туура келди. Унчукпадым. Считается уттуңар не болсо дагы. Анткени туура эмес кылганыңды эл көрүп, билип турат. Аман болгула, эки дос" (ред. тексттин орфографиялык жана грамматикалык стили сакталды).

Ал эми бир нече мүнө мурун пост жазып, бийлик мени алдап жеңди, деп билдирген.

"Достор, 2000 ден ашык адам мени колдоп, добуш берди. Аллах ыраазы болсун, чын жүрөктөн рахматымды айтам баарыныздарга. Бүгүн ошончо болсок, эртең эки эсе, бирсүгүнү 100 эсе көбөйөбүз. Менин округумдан мен бийликке утулдум. Эч ким тааныбаган, башка округдагы адам келип эле бизден админ ресурсту колдонуп 7500 добуш алды. Жол болсун бийлик, азамат экенсиңер, жеңдинер мени, алдап.

Кыргызым олбойт, очпойт, жоголбойт. Чычылаган болбоюн, жеңилүүнү да туура кабыл алам, бирок чектен чыгып кетип атасынар жигиттер. Мени колдогондорго да бир жолу таазим кылам. Аманчылык баарын жеңет.

P. S. Текебаев, Мадумаровдон, А. Сулаймановдон дагы колдоочусу көп адамдар Ата журтта бар экенине кубанам. Бирок өз айылында эч ким тааныбаган", - деп Бек Борбиев социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды (ред. тексттин орфографиялык жана грамматикалык стили сакталды).

Бек Борбиев "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган. Алдын ала жыйынтык боюнча, "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы жалпы шайлоочулардын 16.44 пайыз добушуна ээ болуп, парламентке өттү. Болжолдуу түрдө аталган партияга 15 мандат берилет. Бек Борбиев шайлоочулардын 1.06 пайыз добушун алып, парламентке өтө турган тизмеге кирбей калды. Учурда БШК бюллетендерди кол менен саноону улантууда, жогорудагы жыйынтыктарга өзгөрүүлөр кириши мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4551