"Менин максатым - камакка алуу". Шайлоо участогундагы мас милиция (видео)
RU

"Менин максатым - камакка алуу". Шайлоо участогундагы мас милиция (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына видео жөнөтүшкөн, анда Ысык-Ата ОИИБсинин эки милиционери түшүп калган. Милиция кызматкерлери Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жаткан учурда коомдук тартипти сактоого милдеттендирилген.

Видео кечээ, 28-ноябрда, Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун Юрьевка айылында тартылган.

Милиция кызматкеринин бири 20 жылда бир да жолу адамды эмне себептен камакка алып жатканын кызыгып сурабаганын билдирди.

"Менин милдетим - камакка алуу болду, 20 жылдан бери эмнеге кармап жаткынымды сураган да эмесмин. Биз кечээ ичкенбиз, бүгүн ичтик, эртең да ичебиз", - дейт милиция кызматкери.

Белгилей кетсек, кечээ, Кыргызстан үчүн өтө маанилүү күн өттү. Жарандар Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлашты. Милиция кызматы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп, шайлоо участтокторундагы коомдук тартипке көзөмөл жүргүзүштү. Тартиптин сакталышына милиция кызматынын жетекчилиги жоопкерчиликтүү. Жогорудагы кырдаалда Ысык-Ата районунун ИИБсинин жетекчиси Нурбек Калыкеев жана анын орун басары.

Айрым маалыматтарга ылайык, алар кызматкерлерине сөгүш жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4553