Жакынкы жылдары Кыргызстанда насвай колдонууга тыюу салынат
RU

Жакынкы жылдары Кыргызстанда насвай колдонууга тыюу салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакынкы жылдары Кыргызстанда насвай колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу айыл чарба комитетинин координатору Рахатбек Мамыткожоев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө чегилбеген тамеки түрлөрүнө тыюу салынган. Учурда насвай боюнча каралып жатат.

"Бул жылы мыйзам кабыл алынды. Насвайдын өндүрүшчүлөрүнө үч жыл убакыт берилди. Насвай бизде өндүрүлгөн жалгыз товар. Бийлик аны колдоо чечимин кабыл алды",-дейт ал.

Ошондой эле үч жылдан кийин насвай өндүрүүгө тыюу салынарын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4601