Мээрим Жуманазарова "АЛРОС кубогунда" Ханум Велиеваны жеңди
RU

Мээрим Жуманазарова "АЛРОС кубогунда" Ханум Велиеваны жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Россиянын Москва шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча "АЛРОС Кубогу – Москва гран-приси" мелдешинде россиялык Ханум Велиеваны жеңди.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын маалыматына караганда 4-декабрга караган түнү болгон таймаш 3:2 эсебинде Жуманазарованын пайдасына аяктады.

"АЛРОС Кубогу – Москва гран-приси" эл аралык мелдешинде жалпысынан эркин күрөш, грек-рим күрөшү, грэпплинг жана кыз-келиндер күрөшүнөн жалпы тогуз беттеш болду. Ага Россия, Кыргызстан, Сербия, Молдова, Македония, Беларустун белгилүү спортчулары катышып, бирден гана беттеш өткөрүштү.

Таймашка катышкан балбандар арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону молдовалык Виктор Чобану, Дүйнөнүн үч жолку, Олимпиаданын эки жолку чемпиону россиялык Роман Власов, эркин күрөш боюнча Дүйнөнүн төрт жолку, Олимпиаданын эки жолку чемпиону Абдулрашид Садуллаев бар.

Жуманазарова менен Велиева буга чейин октябрь айында Норвегиянын Осло шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында жарым финалда беттешип, ал таймашта Жуманазарова жеңишке жеткен. Финалдык таймашта Жуманазарова жапониялык Рин Мияжини жеңип, Дүйнө чемпиону аталса, Велиева коло байге үчүн беттеште канадалык Оливиа Грасе Ди Баккону жеңип алган.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4640