Жаңы депутаттар "Ак үйдөгү" кресло жана кабинеттерди талашып жатышабы?
RU

Жаңы депутаттар "Ак үйдөгү" кресло жана кабинеттерди талашып жатышабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы, VII чакырылышта 120 эмес, 90 депутат болот. Мыйзам боюнча жаңы чакырылыш шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө жарыялангандан кийин бир айдын ичинде ишке киришүүгө тийиш. Демек, ушул убакыттын ичинде алардын иш орундары даяр болуп калыш керек. Даярдык кандай жүрүп жатат?

Пленардык жыйын өтө турган залда олутуу өзгөрүүлөр деле болбойт. Бош кала турган 30 кресло эмне болот азырынча белгисиз.

"Зал октябрь окуяларынан кийин оңдолуп-түзөлгөн. Азыр ал жерде эч кандай өзгөрүүлөр жүргүзүлбөйт. Мурункудай эле иштей берет. Ал эми креслолор боюнча акыркы чечимди Жогорку Кеңештин башкармалыгы жаңы чакырылыштын биринчи жыйынынан кийин кабыл алат", - деп Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова айтып берди.

Айрым маалыматтар боюнча, креслолор ошо бойдон бош тура берет, анткени стол, кресло жана техника бир системага бекитилип жасалган. Аларды алып салуу кыйла өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Парламентте андай мүмкүнчүлүк жок.

Фракция жана комитеттердин жыйындары өткөн кичи залдарда да эч кандай өзгөрүүлөр болбойт.

Депутаттардын кабинеттери да ремонттолбойт. Жаңы келген кабинеттин кожоюну өзүнө ылайыктап оңдоп түзөп алууга уруксат берилет. Бирок кабинеттерди бөлүштүрүү оңой-олтоң иш эмес.

Буга чейин "Ак үйдүн" имаратында президент жана Жогорку Кеңеш өз аппараттары менен иштечү. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин президенттик администрациянын бир бөлүгү Өкмөт үйүнө көчкөн. Жетинчи кабаттагы бошогон кабинеттерди депутаттар дароо бөлүштүрүп алышкан. Маселен, президенттин кабинетине Талант Мамытов көчүп барган, ал эми спикердин кабинетинде Камчыбек Жолдошбаев отурат. Дастан Бекешев бул кабинеттер мындайча айтканда ички аукцион аркылуу бөлүштүрүлдү, деп айтканы бар.

Калган депутаттар талап-тонолгон кабинеттерин өз эсебинен оңдотуп алышкан.

Бирок бул ирет жаңы кожоюндар массалык түрдө келишет.

Социалдык тармакта, болочок депутаттар эмитеден эле кабинет бөлүштүрүп, жакшы ремонт жасалып, ичи кенен кабинеттерге кезекке тургандар арбын, деген ушактар айтыла баштады.

Басма сөз кызматы кабинеттерди жаңы депутаттардан түзүлгөн комиссиянын чечими менен бөлуштүрө тургандыгын түшүндүрдү. Бирок бул алар кызматка киришкенден кийин гана болот, ошондуктан алгачкы иш күндөрүн депутаттар чарба маселелерине арнашат.

"Жакында депутаттар кабинет талашып жатат деген билдирүүлөр чыгып кетти. Биз да кечээ бул сөздү уктук. Бирок мен өзүм андайды көргөн жокмун, факт дагы жок. Кабинеттерди жаңы чакырылыштын депутаттарынан түзүлгөн комиссия бөлүштүрөт. Бул комиссия 3-4 күндүн же бир жуманын ичинде бардыгын карап чыгып, чечим чыгарат", - деди Куралбекова.

Эч ким албай койгон кабинеттерди Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине жана президенттин администрациясына бөлүп беришет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4697