Орган үчүн жаш балдарды уурдап жаткан билдирүүнү тараткан шектүү кармалды
RU

Орган үчүн жаш балдарды уурдап жаткан билдирүүнү тараткан шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция 60 жаштагы аялды WhatsApp аркылуу орган үчүн балдарды ала качкан билдирүүлөр аркылуу уруп кеткен

Акыркы убакта социалдык тармактарда, WhatsApp аркылуу белгисиз адамдар Ош облусунун Кара-Суу районунда жаш балдардын ички органдарын алуу үчүн уурдап кетип жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун 60 жаштагы тургуну Т.Э. кармалган.

Укук коргоо органдары ушак-айыңдарга ишенбөөгө жана мындай жалган жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатпоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4704