Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарына кандай адамдар дайындалаарын айтты
RU

Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарына кандай адамдар дайындалаарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Сиздердин ишмердигиңиздер - мамлекеттик жана коомдук турмуштун ажырагыс бир бөлүгү. Мыйзамдуулук жана коопсуздукту сактоо менен өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылууга зор салым кошуп келесиздер. Дүйнө жүзү боюнча технологиянын тездеп өнүгүшүнүн пайдасы менен бирге коркунучтары да түйшүк жаратып жаткан убакта сиздердин күч-аракеттер баа жеткис",- деп айтылат кайрылуусунда.

Мамлекет башчы улуттук коопсуздуктун деңгээлин көтөрүү менен гана экономиканы өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүүгө болорун белгиледи.

Анын айтымында, дыкат тандоодон кийин улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин катарына өзгөчө жоопкерчиликтүү, абийирдүү жана калыс, өз ишинин чыныгы чеберлери кабыл алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4837