Тыныбекова менен Жуманазарованын машыктыруучусу тууралуу даректүү тасма тартылды
RU

Тыныбекова менен Жуманазарованын машыктыруучусу тууралуу даректүү тасма тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жөнүндө даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу "Кыргызтелефильм" киностудиясы билдирди.

"Тасмада анын укмуштуудай адам экени, жашоонун жеңүүчүсү, спортчу катары да, көрүнүктүү машыктыруучу катары да бир нече жолу ар кандай деңгээлдеги жеңиштерге жетишкендиги тууралуу көптөгөн кызыктуу нерселери чагылдырылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Изабековдун окуучуларынын арасында азыркы эл аралык спорт жылдыздары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Медет кызы Айпери бар.

Режиссер Тынай Ибрагимов тарткан тасма жакында КТРК каналдарынан көрсөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4844