Бишкектеги касапканада өлгөн малдын этинен фарш даярдайт (видео)
RU

Бишкектеги касапканада өлгөн малдын этинен фарш даярдайт (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Анкара көчөсүндө эт саткан дүкөндөрдүн биринде фарш үчүн өлгөн малдын этин колдонушат. Бул лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен тастыкталды.

Бул цехке Kaktus.media редакциясы Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы менен биргеликте текшерүү жүргүзгөн.

Килограммы 280 сомдон болгон эт

Эт азыктарын чыгарган анча чоң эмес бул ишкана Анкара көчөсүндөгү кафелердин биринде жайгашкан. Анда эки, үч адам гана иштейт. Текшерүүгө барганда ал жерде бир эле адам болгон.

Үстөлдүн үстүндө катуу тоңдурулган тоок эти, майдаланылган сөөктөр жана жыпар жытка аралашкан эт турган.

Ал эми башка текчеде фаршка кошулуучу нандар тизилген.

Жумушчунун айтымында фарштар башка жактан даярдалып, алынып келинет. Бирок, Бишкектен эмес Ош, Жалал-Абаддан.

Анда эмне үчүн түштүккө цех ачылган эмес деген суроого ал бул жерде чийки зат арзан деп жооп берген.

Мына ушул сырьёнун бир килограммы 280 сомдон алынып келинет.

Кыргызстанда акыркы беш жылдан бери уй этине мындай баа болгон эмес. Дүкөндөгү продукциянын арзандыгы анын "сөөктүү" экендиги менен түшүндүрүлөт. Бирок, мындай түрдөгү эт да Ош базарында 400 сомдон турат. Мунун өзү шек жаратат. Андан сырткары эттин өңү карамтыл болуп турат.

Аларга ким жеткирип берерин жумушчу билбейт. Эч кандай келишщими да жок.

Ошондой эле башка азыктар үчүн да тастыктоо документтерин көрсөтүп бере алган жок.

Цехтин кызматкеринин колунда "Халал" деген сертификаты гана бар. Ал дагы күмөндүү болуп чыкты, анткени берилген сертификаттар катталган базада көрсөтүлгөн эмес.

Бул этке май, нан жана татымалдар, ошондой эле көп өлчөмдө тооктун эти кошулат.

Кызматкердин айтымында, алар Ош базарынан килограммын 150 сомдон сатып алышат, бул да өтө күмөндүү.

Изилдөөнүн натыйжалары божомолдорду ырастады

Цехти текшергенден кийин инспекторлор бардык продукцияны анализге алып кетишкен.

Лабораториялык текшерүүлөр ал өлүк малдын эти экенин аныктаган.

Өлүк малдын этин адамдын керектөөсү үчүн колдонууга болбойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4876