Милиционердин үйүнө кошунасы кирип, аны бычактап салган
RU

Милиционердин үйүнө кошунасы кирип, аны бычактап салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда эркек киши милиционердин үйүнө кирип барып, аны жарадар кылган. Бул тууралуу kaktus.kg редакциясына күч структураларынын кызматкерлери маалымдашты.

Алардын айтымында, 27-декабрь күнү Сокулук районунун Романовка айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз эркек киши кирип келип, үйдүн ээсин бычак менен жаракат кылган.

"Үйдүн кожоюну апасы менен бир турат. Белгисиз киши кирип келген учурда уктап жаткан. Ал милиционерге бир нече жолу бычак сайган", - деп күч структураларынан маалымдашты.

Жабыркаган жаран Бишкектин Ленин райондук милициянын коргоо бөлумүнүн кызматкери экени белгилүү болгон. Учурда оор абалда 4-шаардык ооруканада жатат. Шектелүүчү камакка алынып, жабыркаган милициянын кошунасы экени аныкталган. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча ал психикалык жактан ооруйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4956