Гречка кымбаттады. Жаңы жыл алдындагы азык-түлүктүн баасы (сүрөт, видео)
RU

Гречка кымбаттады. Жаңы жыл алдындагы азык-түлүктүн баасы (сүрөт, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаанын базарларында майрам алдындагы баалар көтөрүлө баштады. Дем алыш күндөрү базарлардын айланасында чоң тыгындар пайда болуп, дүкөндөрдө кезектер пайда болду.

Быйыл жаңы жылдык дасторконду жаюу кымбатыраак, бул тууралуу Kaktus.media буга чейин айтып берген.

Аазыр көптөгөн ири супермаркеттерде арзандатуулар бар. Акциялар буурчак, жүгөрү, жумуртка, салаттар жана закускалар үчүн башка ингредиенттерге тиешелүү.

Эт азыктарына эч кандай арзандатуулар жок. Супермаркеттерде уйдун этинин килограммы мурдагыдай эле 580 сомдон, кабырга жана фарш 545 сомдон сатылууда. Базарлардагы эт 460 сом, сөөктүү эт болсо 440 сомдон турат.

Тоок эти дээрлик 100 сомго кымбаттап, килограммы 350 сомдон сатылып жатат. Калгандары болжол менен ушундай эле баада.

Ал эми тооктун майда жумурткасынын, он даанасы 75 сомдон арзан эмес. Жайкысын орто чоңдуктагы тооктун жумурткасын 65 сомдон сатып алса болот.

Өсүмдүк майы орточо эсеп менен литрине 5-10 сомго кымбаттады. Макарон азыктары да ошондой эле.

Дан эгиндеринин наркы бир децгээлде сакталып турат. Бир гана гречка бир нече ай мурун 80-90 сомдон болсо, азыр анын килограммы 120 сомдун тегерегинде.

Жаңы жылга жакын курма менен мандариндин баасы арзандады. Ал эми алма менен жүзүм сезонго караганда бир топ кымбат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4969