Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын жыйыны 29-декабрда өтөт
RU

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын жыйыны 29-декабрда өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы VII чакырылышынын биринчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

"Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарынын ант берүү аземи саат 11:00дө болот", - деп билдирет ЖК.

Жолугушуунун чоо-жайы белгисиз.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын эң улуу депутат ачат. Бул милдет "Ынтымак" партиясынан Шарапткан Мажитовага жүктөлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4971