Казакстандык кримтөбөл Жапайы Арман камакта калтырылды (Айкөл Аликжанованын жолдошу)
RU

Казакстандык кримтөбөл Жапайы Арман камакта калтырылды (Айкөл Аликжанованын жолдошу)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримтөбөл Дикий Арман деген ат менен таанымал казакстандык Арман Жумагелдиев соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Orda.kz Нур-Султан шаардык сотунун басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Арман Жумагелдиев кыргызстандык Айкөл Аликжанованын жолдошу.

Белгилей кетсек, социалдык тармактардын колдонуучулары Жумагелдиевди Алматыда Кыргызстандын жарандары талап-тоноодо деген сөздөрү үчүн, аны кыргыз-казак элинин ортосуна кастыкты козуткан деп айыпташкан.

7-январда казак басылмалары Арман Жумагелдиев кармалганын жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, Жумагелдиев соттолуп, 2008-жылы Кыргызстанда казак сотунан жана башка кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнөн жашырынып жүрүп, кийин Алматыда кармалган. Ал ошондой эле Нурсултан Назарбаевди колдоп чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5117