Кыргызстанга Жаныш Бакиевдин аялы келди (фото)
RU

Кыргызстанга Жаныш Бакиевдин аялы келди (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-жетекчиси Жаныш Бакиевдин аялы Орозгүл Токторбаева келди. Бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ырчы Айчүрөк Султанова жазган.

Ырчы, Орозгүл Токторбюаева менен бирге түшкөн сүрөтүн жарыялап, "Досто тобунун ажарлуу мээримдүү досубуз Орозгүл Токторбаева келип кубанычыбызда чек жок. Жакшы долбоор менен келди. Ишине ийгилик", - деп жазган.

Бирок кийинчерээк бул публикациясын өчүрүп салган.

Эске салсак, Орозгүл Токторбаева - ырчы. Ал Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин аялы. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Жаныш Бакиев менен бирге Минске кеткен. Алардын балдары бар. Жаныш Бакиев Жазык кодексинин бир катар оор кылмыштары боюча айыптуу деп табылган. Ага өмүр бою камакка алынсын деген сырттан жаза өкүмү чыккан. Генералдык прокуратура Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүруп жаткандыгын бир нече жолу маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/511