Адахан Мадумаров депутаттардын бир тилде сүйлөшүн талап кылды
RU

Адахан Мадумаров депутаттардын бир тилде сүйлөшүн талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Адахан Мадумаров кайрадан кесиптештеринен тартипти талап кылууда. 12-январда Жогорку Кеңештин түзүмү каралып жаткан жалпы комитеттин жыйынында ал жыйын саат 10:00гө белгиленгендигин, андыктан ошол сааттан кечикпей башталышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, көптөгөн кесиптештери залга жаңыдан эле кире баштаган.

Мадумаров парламенттин сунуш кылынган түзүмү менен тааныштырган жумушчу комиссиянын төрагасы Султанбай Айжигитовго да эскертүү жасады.

"Долбоор эки тилде айтылды, комитеттердин аттары орус тилинде берилген, кыргыз тилинде кандай маселелер каралат. Биз бир тилде - кыргызча сүйлөшүбүз керек. Эгер болбой жатса Толстойдун тилин сыйлап, таза орусча сүйлөгүлө", - деди депутат.

Кийинчерээк Айжигитов Мадумаров туура сөз айтты деп жооп берди.

"Мен кыргызча Мадумаровдой кооз сүйлөй албайм. Бирок мен мамлекеттик тилде сүйлөгөнгө аракет кылам жана дагы жакшы сүйлөөгө аракет кылам", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5123