Депутаттар Жогорку Кеңештин вице-спикерлерин шайлашты
RU

Депутаттар Жогорку Кеңештин вице-спикерлерин шайлашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12-январда депутаттар Жогорку Кеңештин вице-спикерлерин шайлашты.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы Талайбек Масабиров билдиргендей, 90 бюллетень даярдалып, 87 бюллетень берилди, үчөө калды, экөө бузулду.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган үч талапкер вице-спикер болушту:

  • "Ишеним" - Нурбек Сыдыгалиев - 74;
  • "Ата Журт Кыргызстан" – Жамиля Исаева – 74;
  • "Элдик" депутаттык тобу - Нурланбек Азыгалиев - 38;
  • бир мандаттуу депутат - Улан Примов (Алай району) - 59;
  • баарына каршы - 1.

Шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин төрага Талант Мамытов орун басарларын анын жанындагы орундарга отурууга чакырды. Вице-спикерлер кесиптештерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти. Исаева "Ата Журт Кыргызстан" фракциясына депутаттар ишеним артып, аны бул кызматка көрсөткөнү үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5131