Милиция тоноочуларды кармап, алардагы 114 миң долларды өзүнө алып калган
RU

Милиция тоноочуларды кармап, алардагы 114 миң долларды өзүнө алып калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкери үйлөрдүн биринен 114 миң долларды уурдап кеткен каракчыларды кармаган. Бирок, ал акчанын баарын өзүнө алып калган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, декабрь айынын аягында Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жергиликтүү тургундардын биринин үйүн тоноп, кылмышка шектүүлөр 114 миң долларды уурдап кетишкен.

Ыкчам кызматкерлер шектүүлөрдүн изине түшкөндө алар катуу каршылык көрсөтүп, полиция кызматкерлерине ок ачып, качып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок, кылмышка шектүүлөр бир кап акчаны ыргытып жиберишкен.

Операторлордун бири бандиттер ыргытып жиберген бир кап акчаны алып, аны тергөө органдарына өткөрүп берүүнүн ордуна, акчаны өзүнө ыйгарып алган.

Прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Ал милиционер кармала элек, акча да табылган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5167