Арстан Алай жаңы парламент тууралуу: Ит күрөш болот! (видео)
RU

Арстан Алай жаңы парламент тууралуу: Ит күрөш болот! (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айткан сөздөрү жана келечекке жасаган божомолдору менен көпчүлүккө таанымал болуп калган коомдук ишмер Арстан Алай өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча жеке пикирин Kaktus.kg менен бөлүштү.

Ал Садыр Жапаровдун бийлиги боюнча жоромолдорун да айткан. Эмне дегенин бул жерден окуп, көрүп алсаңар болот.

Андан тышкары, коомдук ишмер Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы жөнүндө да жеке пикирин айтып берди. Анын айтымында, бул жөн гана энергия, акча жана убакыт коротуу.

"Бул парламент, шайлоо жөн гана ит күрөш болот. Кыргызда, балдарды күрөштүрүп, "болбой калды, ит күрөш болду, кайра күрөшкүлө" деп коет. Анысы кандй азыр ит күрөш. Бирин-бири ары жыгып, бери жыгып жүрө беришет. Ит күрөш деген сөз жыйынтык бербейт. Ит күрөш болгон үчүн улам биринин мандатын кайра артка алып атат. Эч нерсе чечпейт деген сөз. Мындай деп берилет: сандаган депутаттардын сөзүнө ишенип, оюна караганда, кай билимди алып жүргөн бир адамдын ою бийик деп. Анан ааламдан мыйзам түшкөндөн кийин саясатчылар чыгарган мыйзам эч кандай иштебейт. Бул саясатчылар эч кандай жыйынтык бербейт. Жөн гана энергия коротуу, акча коротуу, убакты коротуу, баш ооруу. Жок нерсе. Уят нерсе. Президент эмнени айтса, ошону айтып, кол көтөрүп, ошону менен эле өтөт. ", - дейт Арстан Алай.

Интервьюнун толук версиясын бул жактан көрө аласыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5328