KAKTUS.MEDIA САЙТЫНДАГЫ ПУБЛИКАЦИЯ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ
RU

KAKTUS.MEDIA САЙТЫНДАГЫ ПУБЛИКАЦИЯ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-январда Kaktus.media сайтында ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат жарыяланган.

Бул публикациянын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген.

Башка басылмадан алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз.

Бирок Тажикстандын ММКлары маалыматтык согушту уттуруп жибербөө максатында кандай маалыматты таратып жаткандыгын бардыгыбыз билүүбүз кажет деген пикирдебиз.

Kaktus.media редакциясы ар дайым кыргыз элини кызыкчылыгын коргоп келген жана мындан ары да коргойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5352