Ош базарында Садыр Жапаровго жолуккан апа эсиңердеби? Президент ага жардам берди
RU

Ош базарында Садыр Жапаровго жолуккан апа эсиңердеби? Президент ага жардам берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Келинин дарылатканга каражат чогултуп жүргөн Шайымкүл Шеримбекова президент Садыр Жапаровдон материалдык жардам алды.

Шеримбекова 70 жашта. Улгайып калганына карабастан базар кыдырып, келини Залинаны Индиядан дарылатуу үчүн каражат чогултат.

8-февралда Шайымкүл апа Ош базарында жүргөн, ал жака президенттин келгенин көрүп, жардам сурап кайрылган.

Бүгүн ага президенттин атынан $10 миң тапшырылганы белгилүү болду.

"11-февралда бизди Өкмөт үйүнө чакырышты. Президент Садыр Жапаров жардамчысына өзүнүн атынан $10 миң берүүнү тапшырыптыр. Андан тышкары, бизге убактылуу турак жай маселесин чечип берүүнү акимге буйруптур. Апам азыр Бишкекте, аны аялдар борборуна жайгаштырышты", - деп Шеримбекованын кызы Жылдыз айтып берди.

Анын айтымында операция жасатууга дале каражат жетишсиз. Азыркы тапта "Добро KG" уюмунун жардамы менен кайрымдуулук концертин өткөрүүнү пландаштырып жатышат.

Залинага жардам бергиси келгендер төмөнкү реквизиттерге акча которо алышат:

"Эльсом": 0702 21 06 00

О! Деньги: 0702 21 06 00

KICB VISA: 4446732000702086

Элкарт: 9417018663901577

Mbank: 0702 210 600

Сбербанк: 5469700014312951

Байланышуу үчүн телефон номерлер: 0702 21 06 00 же 0551 37 38 18, Мамбетова Жылдыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5638