Кыздарга тийишкен деп шектелген жигит кармалды. Видео
RU

Кыздарга тийишкен деп шектелген жигит кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзүн блогер деп тааныштырган Э.Ж. аморалдык иш аракеттерге шектелип кармалды. Аны Свердлов РИИБсинин кызматкерлери кармашкан.

Өткөн жумада милицияга бишкектин тургуну кайрылып, белгисиз жаранга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында эркек киши жабырлануучунун 14 жаштагы кызына карата сексуалдык иш аракеттерди жасаган. Ал өспүрүмдү Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн подъездинен кармап алып, мастурбация кылып, андан кийин изин жашырып кеткен.

Издөө иштери жүргүзүлүп, Э.Ж. аттуу жаран кармалган. Ал Бишкектин СИЗО-1не иликтөө жүргөн учурга жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5827