Соцфонддун башчысы пенсия качан жашоо минимумуна жете турганын айтып берди
RU

Соцфонддун башчысы пенсия качан жашоо минимумуна жете турганын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык фонд октябрь айында пенсиялардын көлөмү 50%га чейин көтөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңеште өткөн жыйында ведомсвтонун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Депутат Дастан Жумабеков баары кымбаттап, тиричилик оорлоп калганын бегилеп, Соцфонддун антикризистик планы барбы деп кызыгып сурады.

2022-жылга карата ведомствонун бюджети 700 млн сом, бирок кошумча каражат бөлүү мүмкүнчүлүгү да каралууда, деп Алиев жооп берди.

"Биз өз сунуштарыбызды бердик. Октябрь айында пенсияларды 50%га көтөрүүнү пландап жатабыз", - деди Соцфонддун башчысы.

Негизги пенсия 1 780 сомду түзөт. Калган бөлүгү стажга жараша кошулат. "Такыр иштебегендер эле минималдуу 2,5 миң сом пенися алышат. Бүгүнкү күндө пенсионерлердин минималдуу корзинасы 5,6 миң сом, калгандарыныкы 6,2 миңди түзөт. Биз пенсия менен минималдуу жашоо тиричилигин теңдештирүүгө умтулуп жатабыз. Эгер быйыл, анан эмки жылы пенсияны көтөрсөк, ал жашоо минимуна чейин жетет", - деп Алиев белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5885