Кыргызстандын сулуусу дүйнөнүн эң сулуу 15 моделине кирди (сүрөттөр)
RU

Кыргызстандын сулуусу дүйнөнүн эң сулуу 15 моделине кирди (сүрөттөр)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-мартта Каир шаарында 28-эл аралык Top Model of the World - 2022 сынагы аяктады. Анда Кыргызстандын атынан катышкан Саадат Асылбекова сынактын мыкты 15тигине кирген. Бул тууралуу "Мисс Кыргызстан" улуттук сулуулар сынагынын дирекциясы билдирди.

Саадат Асылбекова сынактын финалына чейин жетип, дүйнөнүн эң сулуу 15 моделинин катарына кирди.

Бул сынакка моделдер жалпысынан дүйнөнүн 75 өлкөсүнөн катышкан. Финалга 52 өлкөнүн өкүлдөрү чыгып, катышуучулар купальникчен идеалдуу фигураларын гана көрсөтүп тим болбостон, интеллектуалдык таймашта да өздөрүнүн күчүн көрсөтүштү. Финалисттерди Европа, Батыш жана Азиянын алты өлкөсүнөн чакырылган калыстар баалашкан.

Эске салсак, Саадат Асылбекова 2022-жылдын 25-февралынан 13-мартына чейин сынакта болгон. Сынакка келген күндөн баштап Саадат сунушталган 14 сынактын 10дон ашуун этаптарынан ийгиликтүү өттү.

Социалдык тармактын колдонуучулары Саадатты Дисней жомокторунун сулуусу – Мисс Муланга салыштырышты.

Топ модели – 2022 наамын Чехиянын өкүлү Наталья Косендова жеңип алды. Ал эми биринчи вице-мисс Эквадордун өкүлү Николь Замбраноб болду. Алдыңкы үчтүккө Колумбиянын өкүлү Даяна Сарденас да кирди.

Келишимдин шарттарына ылайык, Саадат Асылбекова "Мисс Кыргызстан" улуттук сулуулар сынагынын дирекциясында улуттук наам расмий түрдө кийинки мураскерге өткөнгө чейин бир жыл калат. Ал өлкөдө жана чет өлкөлөрдө кайрымдуулук жана коомдук мааниге ээ иш-чараларга катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5972