Бишкектик келин күйөөсү зөөкүрлүк менен сабаганын ачыктады
RU

Бишкектик келин күйөөсү зөөкүрлүк менен сабаганын ачыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин тургуну күйөөсү аны зөөкүрлүк менен сабап, өлтүрүп салууга аракет кылган, деп билдирди. Милиция берген маалыматка ылайык, 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук ИИБсине кат жүзүндөгү арызы менен Д.М. кайрылып, жолдошу Б.Х.га карата чара көрүүнү суранган. Ал болжол менен саат 00:00до Логвиненко көчөсүндөгү үйүндө төрт саат бою аялын сабаган.

Аталган факт каттоого алынып, "Зомбулук колдонуу менен өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда Түркиянын жараны Б.Х.ни табуу жана камакка алуу боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Instagram'дын кыргызстандык сегментине бишкектик келин мурунку күйөөсү аны зөөкүрлүк менен сабаганын билдирген. Ал өзүнүн баракчасына сабалгандан кийинки сүрөттөрдү жарыялап, күйөөсү аны өлтүрүүгө аракет кылган, деп жазган.

Жабыркаган келиндин айтымында, эки сүрөттүн ортосунда бир күндүк айырма бар.

"Ал атайы эле даярданып алган экен - ашканадагы бычактардын бардыгын ысытып, плитанын үстүнө койгон. Ниети кандай болгонун түшүнгөн жокмун - жиликтеп кесип салгысы келгенби, же бетимде сүрөттөгүдөй күйүктүн тактары калсын дегенби?" - деп келин жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5992