"Ак-Кеме" мейманканасынын кейпин карагылачы! Эксклюзивдүү фото жана видео
RU

"Ак-Кеме" мейманканасынын кейпин карагылачы! Эксклюзивдүү фото жана видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ак-Кеме" төрт жылдыздуу отель Бишкектин эң мыкты жерлеринин биринде жайгашкан: өкмөттүк трассадан алыс эмес, тиешелүү инфраструктуранын он мүнөттүк аралыкта. Кезинде номерлердин баасы $50дөн $250 чейин болчу.

Отелдин тегерегиндеги талаш-тартыштар 2000-жылдары эле башталган. 2017-жылы бардыгы чечилип, "Ак-Кеме" КРдин мамлекеттик мүлк фондунун балансына өткөрүлүп берилген. Бирок ал ишин токтоткон эмес, керек болсо пайда дагы алып келчү.

2020-жылы пандемия жүрүп жаткан учурда мейманкана обсервация катары колдонулуп, анда кызыл аймактан чыккан дарыгерлер эс алышчу. Ооругандар азайганда обсервацияны жаап коюшкан.

Kaktus.kg'ге төрт жылдыздуу мейманкана Индиянын студенттеринин жатаканасына айланды деген арыздануу келип түштү. Айрым маалыматтар боюнча анда 300гө чукул студент жашайт.

Биздин журналист мейманканага барып, "Мүлк" ЖЧКсынын атынан жетектеген Эрмек Абдылдаев менен жолукту. Ал башында тартуу группасын отелден чыгарып салуу аракетин көргөн. Бирок кийин сүйлөшүүгө макул болду.

Отель - стратегиялык жактан маанилүү жана коргоого алынган объектилерге кирбей турганын эстеп, "экскурсия" жүргүзүп берди. Бирок мейманканада жашаган коноктордун номерлерине кирүүгө тыюу салды.

"Биз жатакана эмеспиз, отелбиз", - деп Абдылдаев белгиледи.

Абдылдаев имараттын бардык кабаттарын көрсөтүп берип, кызматка дайындалганына бир эле ай болгонун улам-улам кайталап жатты. Бирок анын келиши менен имарат оңдолуп, жакшы жакка жылыштар болуп жатыптыр.

"Мен келгенге чейин келсеңер, мындан да жаман абалда турганын көрмөксүңөр, Биз акырындык менен бардыгын ондоп жатабыз, ремонт жасайбыз", - деди ал.

Чет элдик стундеттер канча төлөп жашай турганын алгач айткысы келбей, коммерциялык сырга шилтеп жатты. Акыры айына 15 миңден төлөп жашаганын билдирди. Баш аягы Ак-Кемеде 300 студент жашайт экен. Бирок бир номерде канчадан киши жашай турганын айтпай койду.

10-кабатта чатырдан суу өткөнүн байкоого болот. Отелдин жашоочуларга коридорго чыгып, тамеки чегип, чылымды ошол эле жерге таштап коюшат экен. Жерге салынган ковролин айрылган. Жетекчинин айтымында, мунун бардыгы обсервация болуп турган кезде бейтаптар жасашкан.

Лифт иштебейт. Ресторан дагы иштебейт. Отелде жашагандар тамак ашты буюртма кылып алдыртып, ресторанга түшүп жешет экен.

Абдылдаевдин айтымында, түшкөн каражаттын бардыгы имараттын кем карчысына кетет, коммуналдык кызматтарды төлөөгө жана айлыктарга жумшалат, калган каражат өкмөткө төгүлөт. Мейманкананын жетекчиси жалпы киреше канча экенин айтуудан баш тартты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6019