ЖК машиненин айнегин караңгылатууга уруксат берүү долбоорун колдоду
RU

ЖК машиненин айнегин караңгылатууга уруксат берүү долбоорун колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш 17-марттагы жыйынында Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документ эми президентке жөнөтүлөт.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети иштеп чыккан.

Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 10-20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деп болжоп жатат.

Ички иштер министрлиги азыр терезесин караңгылатып алгандарга 5500 сом айып пул салынарын, акыркы алты жылда мындай мыйзам бузуу менен 22 миңдей айдоочу кармалганын билдирген.

Долбоор боюнча такси, эл ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбейт. Кыргызстанда ушул тапта автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6025