БУУ эң бактылуу өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады
RU

БУУ эң бактылуу өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финляндия бешинчи ирет дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө наамын алды. Мындай рейтингди World Happiness Report 2012 жылдан бери жыл сайын түзөт.

Докладда 146 өлкөнүн жарандарынын өмүрүнүн узактыгы, мамлекет көрсөткөн социалдык колдоо, өлкөдөгү коррупциянын денгээли ж.б. көрсөткүчтөр эске алынат.

Эң бактылуу өлкөлөрдүн ондугуна Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланды, Люксембург, Швеция, Норвегия, Израиль жана Жаңы Зеландия кирген.

Германия 14 сапта, АКШ 16 - сапты ээлеген, Улуу Британия - 17-, Франция - 20-баскычта.

Мурунку СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн ичинен Литва менен Эстония лидер экен, алыр 34 жана 36-орунду алышкан. Казакстан болсо 40-сапта. Өзбекстан - 53-сапта. Ал эми Кыргызстан Молдова өлкөсүнөн кийин 64-орунда экенбиз.

Россия быйыл 60-орундан 80-орунга түшүп кеткен. Украина 98-, Грузия - 105-.

БУУнун рейтингине ылайык, эң эле бактысыздар Афганистанда жана Ливанда жашашат экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6034