Мындан ары шаурма болбойт. Мэрия Карпинкадагы тез тамактануучу жайларды демонтаждоодо
RU

Мындан ары шаурма болбойт. Мэрия Карпинкадагы тез тамактануучу жайларды демонтаждоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сүйүмбаев көчөсүндөгү тез тамактануучу жайлар өз ордун таштап кетүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Жерлерди көрктөндүрүү жана пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаанын санитардык абалын жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иштерди улантып, шаарды уруксатсыз орнотуулардан бошотууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын ижара келишимдерин бузуу тууралуу катынын негизинде инспекция "Тазалык" ишканасынын атайын бригадасы менен биргеликте Сүйүмбаев көчөсүндөгү (мурдагы Карпинка) тез тамактануучу жайларды бузуу иштерин баштады. Айрым менчик ээлери өз ыктыяры менен объекттерди демонтаждоодо", - деп билдиришти мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6040