20-март эл аралык бакыт күнү? Бизди бактылуу кылуучу кызыктуу фактылар
RU

20-март эл аралык бакыт күнү? Бизди бактылуу кылуучу кызыктуу фактылар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2013-жылдан бери БУУ дүйнө жүзүндөгү адамдардын жашоосунда бактылуулуктун маанилүүлүгүн таануу үчүн Эл аралык бакыт күнүн белгилеп келет.

Бул жерде бакыт жөнүндө айрым кызыктуу фактылар бар. Ал эми сизди эмне кубандырат, комментарийге жазыңыз.

Бакыт биздин иммунитетибизге таасирин тийгизет

Бактылуу болуу- бул ден соолукта болуу. Окумуштуулар позитивдүү адамдар азыраак ооруй турганын айтышат.

Башкаларга жардам берүү менен биз өзүбүзгө да жакшылык кылган болобуз.

Башкаларга жадам берүү батыраак бактылуу болууга жардам берери далилденген. Канчалык көп жакшы иш жасоо ошончолук бактылуулукту алып келери талашсыз.

Бактылуулук кийинки урпактарга калуучу нерсе

Албетте, таң калыштуу бирок бул далилденген. Миннесота университетинин изилдөөлөрүнө ылайык бакыт генден генге өтөт.

Гүлдөрүн жыты да бизди бактылуу кыла алат

Ушуга байланыштуу англис тилинен алынган "токто, розаны жытта" деген сөз бар. Гүлдөр менен иштеген адамдар же алардын жытын жакшы сезгендер башкаларга караганда үч эсе бактылуураак болушат. Эми сиз кантип бактылуу болуунун жолун билесиз.

Айлыкты айына бир жолу эмес, саатына алгандар бактылуураак болушат

Изилдөөчүлөр саатына айлык алгандар убакытты баалап жана аны сезе билишет.

Мамиле же акча

Бактылуулукту акчага сатып алса болобу?

Окумуштуулар бакытты акчага сатып алса болбойт дешет. Изилдөөлөргө караганда адамдар акчадан эмес, мамиледен көбүрөөк бактылуулук сезимин сезе билишет.

Биздин бактылуу болушубузга айланабыздагы түстөр да таасирин берет

Күңүрт, боз өңдөр биздин маанайыбызга жана дүйнө карашыбызга таасирин тийгизет. Окумуштуулар сары түз бакыттын түсү деп эсептешет.

Бакыт- бул тынчтандыруучу дары сыяктуу

Жайдары жүргөндөр ар кандай оорулардан азыраак жабыр тартышат.

Бактылуу болуунун дагы бир жолу таза абада эс алуу

Бактылуу болуу үчүн эң ылайыктуу жер - бул жылуу, таза абада суунун жанында болуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6048