Кытайда 133 жүргүнчүсү менен учак кулады. Видео
RU

Кытайда 133 жүргүнчүсү менен учак кулады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 үлгүсүндөгү учагы кыйроого учурады. Бордунда 133 киши болгону айтылууда.

Кытайдын түштүгүндө Boeing 737 учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 үлгүсүндөгү учагы кыйроого учурады. Бордунда 133 киши болгон. Кырсык Гуанси-Чжуан автономдуу районунда катталды", - деп айтылат маалыматта.

Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок, издөө иштери башталды.

Акыркы маалыматтарга караганда, кырсык болгон жерде өрт чыкты.

Көп өтпөй "360" телеканалы кырсык болгон жерден тартылган видеону жарыялады.

Кадрлардан учак тоолуу аймакка түшкөнүн, анын сыныктары чачылып жатканын көрүүгө болот.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6055