Дүйнөлүк мода көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук кийимдери көрсөтүлүүдө (сүрөт,видео)
RU

Дүйнөлүк мода көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук кийимдери көрсөтүлүүдө (сүрөт,видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Араб Эмиратынын Дубай шаарында өтүп жаткан "DUBAI Fashion Week 2022" дүйнөлүк мода көргөзмөсүнө кыргызстандык жаш дизайнер Арзубек VONAMA катышууда. Бул тууралуу дизайнердин менеджери билдирди.

Эл аралык көргөзмө болгордуктан ар кандай өлкөнүн дизайнерлери өз брендтерин сунуштоодо. Кыргызстандын атынан VONAMA бренди кыргыз кыздарына арналган, кыргыздын улуттук, заманбап этно кийимдерин алып чыгат. Мода жумалыгы 21-марттан 24-мартка чейин уланары айтылат.

Анын көрүүчүлөрү Араб улутундагы өкүлдөр болуп, падышалык үй-бүлөнүн өкүлдөрү мода жумалыктын статуэткасын тапшырды. Анда JM GARMENT дүйнөлүк фабрикасы VONAMA брендин дүйнөлүк базарга чыгуусун сунуштаган.

Белгилей кетсек, Арзубек дүйнөлүк аренага кыргыз кийимдерин таанытуу жана маданиятын көрсөтүү үчүн өз каражаты менен катышып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6085