Шайлообек Атазов акыры Жогорку Кеңештин депутаты болду
RU

Шайлообек Атазов акыры Жогорку Кеңештин депутаты болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов округу боюнча кайра өткөн шайлоону өттү деп тааныды.

25-мартта Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси М. Кутбердиева кайра шайлоого Свердлов округунан 29 миң шайлоочу катышканын белгиледи.

Анын айтымында, Абдурахманхаджи Муртазалиевге берилген 5 806 добуш сатып алынган деген айып менен жокко чыгарылды.

Шайлообек Атазов да добуштарды сатып алган деген айыптоолор айтылып, Свердлов районунун РИИБсине кайрылуулар болгон. Анын негизинде текшерүүлөр жүрүп, маалымат тастыкталган эмес.

Натыйжасында, Свердлов округу боюнча Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин депутаты деп табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6121