Акча жана мүлк талап кылган прокурордун жардамчысы кармалды
RU

Акча жана мүлк талап кылган прокурордун жардамчысы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмү менен биргеликте, 26-мартта, Бишкекте Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Т.Н.Ж.ны кармашты. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делип шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, прокурордун жардамчысы жабырлануучулардын биринен карызы бар деп 35 миң долларлык жүк ташуучу унааны мыйзамсыз алган. Ал эми башка жабырлануучудан 30 миң доллар берүүнү же жакын туугандарына кыймылсыз мүлк каттатып берүүнү талап кылган. Тинтүү иштеринин натыйжасында экинчи жабырлануучунун жеке үйүн прокурордун жардамчысынын жакын тууганына кайра каттоого алганы боюнча материалдык жана документалдык далилдер алынган.

Учурда кылмышка шектүү УКМКнын СИЗОсуна камалды. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча да тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6151