Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттары бараткан кичи автобуска бак кулады
RU

Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттары бараткан кичи автобуска бак кулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттары бараткан кичи автобуска бак кулады. Бул тууралуу news.kg социалдык баракчасы Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Мээрим Керимканованын маалыматына таянып билидирди.

"Окуя ГЭС-5 аймагында болгон. Эч ким жабыркаган эмес, автобустун айрым жерлери талкаланды", - деди Мээрим Керимканова.

Маалыматка ылайык, депутаттар Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу боюнча үч күндүк семинардан кайтып келе жатышкан.

Буга чейин ӨКМ Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым жерлеринде катуу шамал болорун эскерткен. Мэрия жол кырсыктарынан сактануу үчүн айдоочулардан унааларын бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону суранган.

ӨКМ мындай учурларда 112 куткаруу кызматына, мэриянын Call-борборуна, 1840 жана 1850 телефондору боюнча күнү-түнү кайрылууну сунуштайт. Ошондой эле 0554182185 номуруна фото жана видео фактыларды жөнөтүүгө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6167