Кыргызстандык келин Стамбулдун аэропортунан көз жарды. Кызды шаардын урматына аташат
RU

Кыргызстандык келин Стамбулдун аэропортунан көз жарды. Кызды шаардын урматына аташат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-февраль күнү, Стамбулдун аэропортунан кыргызстандык келин көз жарды. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Кыргызстандык келин күйөөсү жана уулу менен Санкт-Петербургдан Стамбулга учушкан. Андан ары Анкараны көздөй жөнөшмөк. Бирок транзиттик бөлүмдө аял кыйнала баштаган. Аэропорттун дарыгерлери төрөттү терминалдан кабыл алышып, бардыгы ийгиликтүү өттү. Азыркы тапта, эне-бала ооруканага жеткирилди. Алардын абалы жакшы.

Жаңы төрөлгөн кызды ата-энеси ал төрөлгөн шаартын урматына Стамбул деп атап коюну чечишти. Ошондой эле, алар ымыркайга Түркиянын жарандыгы берилет деп күтүшүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/619