Кыргызстандыктардын көбү пенсияга жашайм деп үмүт артпайт. Сурамжылоо
RU

Кыргызстандыктардын көбү пенсияга жашайм деп үмүт артпайт. Сурамжылоо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg баракчасынын катталуучуларынын көбү пенсияга үмүт артпайт экен. Тагыраак айтканда 41%ы. Сурамжылоого катышкандарын 21%ы карылыкты пенсия алып эле өткөрөбүз дегендер. 20%ы өмүрү өткүчө иштей берүүгө даяр, ал эми 15%ы карылыгын эмитеден ойлоп, эч кимге көз каранды болбой жашайм деп, каражат чогулта башташкан.

Бирок басымдуу бөлүгү "эртеңки күнү эмне болуп кетээрин билбейбиз, кайдагы пенсия?", "Пенсияга чейин жашаарыбызды ким билет?", "Бул тууралуу ойлонуп да көргөн эмесмин" деген таризде жоопторун жазышкан.

Сурамжылоо Kaktus.kg баракчасында жүрүп, ага 2141 катталуучу катышкан.

А сиз пенсияңыз тууралуу ойлондуңуз беле?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6208