Төрөхан Жунусбеков көрүстөндөрдүн чоңу болуп дайындалды
RU

Төрөхан Жунусбеков көрүстөндөрдүн чоңу болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэри болом деп чыр салып, андан кийин Балбак Түлөбаевди колдоп калган Төрөхан Жунусбеков эсиңердеби? Ал Бишкектин сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин (БАРУ) жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаардык кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Эске салсак, Төрөхан Жунусбеков "Кырк чоро" уюмунун тарапташы, "Мекенчил" партиясынын мүчөсү болчу. 2020-жылдын октябрында Садыр Жапаровду кызуу колдогондордун бири эле. Баш аламандыктар учурунда Бишкектин мэрлик кызматын ээлеп калганга аракет кылган. Жапаров президент болуп дайындалгандан кийин MegaCom компаниясынын генералдык директорунун кеңешчиси кызматына бекитилген.

Митингдердин профессионалдуу катышуучусунун телекоммуникация тармагындагы жогорку кызматка дайындалышы коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган. Расмий кызматта иштеп ошол эле учурда президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун штабында да иштеген. 2021-жылдын августунда MegaCom компаниясынан кетип калган экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6210