"Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу жайында башталат
RU

"Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу жайында башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министр Бекмурзаев: "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу жайында башталат

Жай айында "Камбар-Ата-1" долбоорунун курулушу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Алгачкы курулуш иштерине 20 млн доллар каралган. Курулуш иштери июнь-июль айларында башталат. Бул долбоор Кыргызстанга гана эмес коңшу мамлекеттерге да пайдасын алып келет. Май айында коңшу өлкөлөрдүн президенттери келип, канча көлөмдө инвестиция салынары сүйлөшүлөт. "Камбар-Ата-1" отуз жылдан бери айтылып келе жаткан ири долбоор. Курулуш ишине коңшу өлкөлөр кошулбаса Кыргызстан өз күчү менен куруп бүтүрсө болот",-деди ал.

Маалымат govori.tv сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6211