"Шоро" суусундуктарынын кымбаттоосунун себеби
RU

"Шоро" суусундуктарынын кымбаттоосунун себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаздын келиши менен "Шоро" фирмасынын суусундуктары да Бишкектин көчөлөрүнө чыга баштайт.

Быйыл да ушул жуманын башталышында "Шоронун" сатуучулары ишин баштады. Бизди кызыктырганы алардын баасындагы айырма болду.

Тагыраагы, 2021-жылы 12 сомдон сатылган чакан стакандагы жарма быйыл 16 сом деп белгиленип калган. Башка суусундуктарга да ушул сыяктуу эле 4 сомдон кошулган.

Мунун себебин "Шоро" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумадыл Эгембердиев мындайча түшүндүрдү:

"Биз жаңы ачып баштаганда 2 сом менен баштаганбыз, ал учурда бир стакан чай 10 сом болчу. Башында баасын көтөргөндөн коркуп жүрдүм, эл ичпей коёбу деп. Ошентип жүрүп, канча чыгымга учурадым. Кийин 4 сом болду, 2 сомдон кошуп отуруп, 12 сом бойдон келе жаткан. Быйыл баасын көтөрдүм. Себеби, мен "Шорону" дүйнө жүзүнө алып чыккым келет, буйруса, ошонун аракетин көрүп жүрөбүз. Ага силердин колдооңор болсун"

.

"Шоро" компаниясы 1992-жылы Табылды жана Жумадыл Эгембердиев тарабынан негизделген. Алгач жарма жасаган өндүрүш катары негизделип, бара-бара тармактарын кеңейткен.

Учурда улуттук суусундуктардын бренди болгон бул компания 20га жакын тармакта иш алып барат.

Булак: Koompress медиа порталы

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6227