Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болду
RU

Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Либерал-демократиялык партиясынын (ЛДП) лидери Владимир Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу 6-апрелде Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Володин: Жириновский катуу жана узакка созулган оорудан кийин каза болгон

Ал 2-февралдан бери коронавирус болуп ооруканада жаткан. Либерал-демократиялык партиянын өкүлдөрү алардын лидери оңолуп баратканын такай кабарлап турушкан.

Өмүр баяны

Владимир Жириновский 1946-жылы 25-апрелде Алма-Атада туулган. Ал 1993-жылдын 12-декабрынан баштап Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын бардык чакырылыштарынын депутаты болгон. Ал 1991, 1996, 2000, 2008, 2012 жана 2018-жылдары Либерал-демократиялык партиясынан Россия Федерациясынын президенттигине талапкер болгон. Россия Федерациясынын эмгек сиңирген юристи (2000). "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" орденинин толук кавалери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6290