Президенттин мамлекеттик резиденциясынын тосмолору бийиктетилип жатат. Эмне үчүн? (видео)
RU

Президенттин мамлекеттик резиденциясынын тосмолору бийиктетилип жатат. Эмне үчүн? (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Ала-Арчадагы мамлекеттик резиденциясынын тосмолорун бийиктетүү иши жүрүп жатат. Эмне үчүн жасалып жатканын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрдү.

Анын айтымында, тосмо мамлекеттик резиденциянын коопсуздугу үчүн бийиктетилип жатат. Тосмо курулгандан бери реконструкцияланган эмес жана бул иш-чаралардын баары жалпы структураны бекемдөө максатында жүргүзүлүүдө.

"Оңдоо максатында гана", - деди Султанбаев.

Kaktus.media редакциясынын журналисти мамлекеттик резиденциянын аймагына барып, дубалдарды кантип бийиктетип жатканын видеого тартып алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6363