Казакстан чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезеги дагы деле көп (видео)
RU

Казакстан чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезеги дагы деле көп (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Кара-Суу" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар чек арадан өтүү үчүн узун кезекте турат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жүк ташуучулар билдирди.

Алар көзөмөл-өткөрүү пунктундагы тыгындан улам жүктөр бузула баштаганын баса белгилешүүдө. Буга байланыштуу бийликтен бул кырдаалга көңүл бурууну суранышат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы жүк ташуучу унаалардын топтолушу жүк ташуулардын көбөйүшүнө жана казак тарап унааларды жай өткөрүп жатканына байланыштуу экенин белгилейт. Айдоочулардын жана жүк ташуучулардын КР чек арачыларына эч кандай дооматы жок экенин белгилешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6366