Улуттук банк акча которуулар системасына өзгөртүүлөрдү киргизди
RU

Улуттук банк акча которуулар системасына өзгөртүүлөрдү киргизди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөртүүлөр убактылуу мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчанын валютасына карата талаптарды белгилейт.

  • Акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот.
  • Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
  • Которулган акчаны алып/жөнөтүп жаткан учурда ал Кыргыз Республикасынын аймагында турган алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу менен нак эмес ыкма менен конвертацияланышы мүмкүн.

Токтом 2022-жылдын 19-апрелинен тартып күчүнө кирет. Анын мөөнөтү тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин созулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6416