Дөөлөт Сыдыков: Мени коркутуп дубай салам айттырганыңыз ашыкча
RU

Дөөлөт Сыдыков: Мени коркутуп дубай салам айттырганыңыз ашыкча

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине интервью берип, ал кечээ, 25-апрелде жарыяланган болчу. Анда "Манас" айылы жана анын директору болуп дайындалган Дөөлөт Сыдыков боюнча төмөнкүлөрдү айткан:

"Манас" айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми ак үй менин менчигим эмес. Көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз. Элдики. Чектери биригип турат. Анча-мынча бурч болуп кармалып калган кашааларын түздөп салып жатышат. "Манас" айылын дагы жаңылап салабыз. Азыркы ахывалын барып көргүлөчү. Адамдар эмес, ит көргүс. Биз аны накта "Манас" айылы кылып жасайбыз. Азыркы турушун, архитектурасын "Манас" айылы деп айткандан уяласың. Манаска тиешелүү эч нерсеси жок. Логикага сыя турган бир дагы архитектурасы жок. Ошондуктан аны жаңылайбыз. Эл тамшануу менен кирип тургудай кылабыз. Мындан сырткары Манас айылынын мандайына Манас театрын салабыз.

Ушул жерден бир нерсени айтып коеюн. Өзүн акылдуу сезип, акыл үйрөткөндөр өздөрүн бир эсе мекенчил сезсе, мен алардан жүз эсе мекенчилмин. Манас атабыз менин жүрөгүмдө бала кезимден бери жашайт.

Андан көп өтпөй, Дөөлөт Сыдыков Facebook баракчасына төмөнкүдөй пост жарыялады:

Садыр аба, ооба, "Манастын айылы" менин менчигим эмес, ал жерде мен жооптуу мамлекеттик кызматкермин, милдетимди гана аткарып жатам. 5 сотый деп калп эле шылтоо менен "Манастын айылын" басып алалы деген Марат Турсунбеков менен Дамирбек Асылбек уулунун жана Нургалы Асаналиевдин дагы менчик жери эмес. Эмне үчүн жогорудагы ысымы аталгандар "Манастын айылын" тебелеп кирип каалаганын кылыш керек?

"Манастын айылы" 1995- жылы Манас эпосунун 1000 жылдыгына арналып бөлүнүп берилген тарыхый жер.

Бул жерге 5 сотый эмес, мыйзамсыз беш кадам киргенге эч кимдин акысы жок.

"Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна ак үй салып, "Манастын айылынын" ордуна министрлер отурган Өкмөт үйү салынат деп сизден келген "билермандар" эбак эле айткан. Проектиси даяр экенинен дагы кабарым бар. Эми андай эле жерди ала турган болсоңор мыйзамдуу кагаз, чечим кайда десем, эч ким, эч нерсе көргөзө албады. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Тилек Батырканов дагы жердин мыйзамдуу документин көргөзө албады. Анан мен эмне кылышым керек?

Андан көрө ачык эле, агынан жарылып "Манастын айылынын" ордуна Өкмөт үйүн салалы деп дароо эмне үчүн чечим чыгарган жоксуз?Ошол себептен улам "Манастын айылын" тоого көчүрүүнү жолу табылган сыяктуу. Ошондой эле, комплекстин жери жаңы Өкмөт үйүнө керек деп бекисе, мыйзамдуу чечим чыгышы керек эле. Андай эле эл үчүн болгон иш болсо, ачык айтылышы керек. Ал эми учурдагыдай бүдөмүк иштерге мен каршымын.

Мен саясатчы эмесмин, мен Манасчымын. Мага саясат же популисттик көз караштардын зарылдыгы жок. Мага "Манас" өз жеринде кандай колдоого ээ, ошол маанилүү!

Мен аябай кубанычтамын, "Манас айылы" салынат деген кебинизге сүйүнүп турам. Манас театры дагы салынсын. Бирок, бир жыл мурун дагы ушул иш боюнча тапшырма бекитип, биз иштеп келдик эле. Эми болсо сиз "колдогондордун" кылган иштерин сиз кубаттап, колдоп турганыңызга менин акылым айран болуп жатат. Мени бул ишке куурчак кылам деген ашыкча нерсе.

Аттиң, Маданият министри Азамат Жаманкуловдон мени коркутуп дубай салам айттырганыңыз ашыкча эле болуп калды.

Андан көрө бир жылдан бери иштеп жаткан Манас долбоору боюнча сурап койсоңуз жакшы болмок. Эмне үчүн биз анда Президенттин иш башкармалыгы менен "Манастын айылын" кайра куруу боюнча иш алып бардык эле, карышкырга эле кой кайтарткан экенбиз да!

Кандын касиети сөзүнүн күчүндө! Сөзү эки бөлөк болгондо, касиети качат. Манас боюнча ар бир ишке убада берсе орундалыш керек, болбосо айтпаш керек эле...

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6484