Бишкектин тургуну шаардыктарды космостон куттуктады
RU

Бишкектин тургуну шаардыктарды космостон куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сергей Корсаков Бишкекте туулуп-өскөн. Кийин үй-бүлөсү Россияга көчүп кеткен.

Роскосмостун космонавты Сергей Корсаков бишкектиктерди борбор калаанын 144 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу мэрия маалымдады.

"Союз МС-21" космос кемесинин бортунда жазылып алынган видеокуттуктоосунда россиялык космонавт бул майрам шаардын тургундарына гана эмес, аны мекеним деп эсептеген, ага тиешеси бар экенин сезген ар бир адам үчүн маанилүү экенин айтты.

"Туулуп-өскөн жана билим алган Бишкек шаарымды ар дайым жылуу сезимдер менен эске салам. Бул шаарда балалыгым тууралуу жакшы эскерүүлөр калды. Бүгүн мен Эл аралык космос станциясынын бортунда туулуп-өскөн шаарымдын желегин кармап турам. Бишкектиктерди шаар күнү менен куттуктап жатканым мен үчүн чоң сыймык жана кубаныч", - деди ал.

Ошондой эле шаардын өзгөрүп жатканы космостон даана көрүнүп турганын баса белгиледи.

"Жаңы турак жайлар, мектептер, бала бакчалар курулуп, жолдор оңдолуп, скверлер, парктар көрктөндүрүлүп жатат. Бул долбоорлорду жаратман эмгек менен ишке ашырып жаткан бардык жарандарды куттуктайм. Бишкектиктерге чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми шаардын өзүнө өнүгүү каалайм! Жыл өткөн сайын көркүнө чыга берсин!" - деди космонавт.

Корсаков 1984-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кийин анын үй-бүлөсү Россияга көчүп кеткен. 2006-жылы Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетин бүтүрүп, кандидаттык диссертациясын жазган.

2012-жылы Россия Федерациясынын космонавттар корпусуна биринчи ачык сынакка документтерин тапшырып, кабыл алынган. Андан соң жалпы космостук окууну баштаган. 2014-жылы экзаменден өтүп, "сыноочу космонавт" квалификациясын алган.

18-мартта ал "Союз МС-21" космос кемеси менен биринчи ирет космоско аттанды.

Маалымат Sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6526