Баткенде көк бөрү боюнча республикалык турнир өтүп жатат
RU

Баткенде көк бөрү боюнча республикалык турнир өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финалдык оюндар 9-май күнү болот.

Улуу Жеңиш күнүнө арналган жыл сайын болуучу көк бөрү боюнча республикалык турнир быйыл Баткен облусунда өтүп жатат.

Оюн талаасы Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы ат майданда жайгашкан. Беттештер жогорку жана биринчи лига болуп эки топко бөлүнөт. Финалдык оюндар 9-май күнү болмокчу.

Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Улуу Жеңиш күнүнө карата жана Сүймөнкул Чокморов, Үсөн Кудайбергенов жана Умсунай Эркинбаеванын жаркын элесине арналган.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6540